• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда күнөсканалардын саны 1,7 миңден ашты

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. 2023-жылы республика боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын жалпы саны 1 миң 765 даананы түздү. Ал эми ээлеген аянты 203,1 га жерге жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты.

Облустар боюнча алып караганда:

  • Чүй облусу боюнча 265 даана, 53 га жерге,
  • Ысык-Көл – 74 даана, 5 га,
  • Нарын-38 даана, 5 га,
  • Талас-15 даана, 4 га,
  • Ош – 370 даана, 53 га,
  • Баткен – 191 даана, 13,1 га,
  • Жалал-Абад – 812 даана, 70 га жерге күнөсканалар коюлган.

Ведомстводон бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 1,5 эсе жогору экендигин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий