• 88.68
  • 95
  • 0.95

Киров суу сактагычына курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСи жакында ишке берилет

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Манас районундагы Киров cуу сактагычына курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСинин ачылышына карата даярдык иштери менен таанышты.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, "Чакан ГЭС" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Эмил Мухамбетов аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, мерчемделген иштер өз маалында бүткөрүлгөндүгүн белгилеп, суунун көлөмү көбөйсө жакынкы арада ишке берүүгө даяр экенине токтолду.

Ал белгилегендей, учурда ГЭСти ишке берүү үчүн төмөндөгүдөй иштер аткарылууда:

• ГЭСтин имараты курулууда;

• 110 кВ чыңалуусундагы элегаздык изоляциясы менен жабык бөлүштүрүүчү түзмөк монтаждалууда;

• жалпы кубаттулугу 32 миң кВА түзгөн эки күч трансформатор орнотулууда;

• 110 кВ чыңалуусундагы 6,7 чакырым узундуктагы "Бала-Саруу — Кара - Арча" жана "Бала-Саруу — Покровка” аба электр чубалгылары жана 360 метр узундуктагы басым түтүктөрү курулду.

Министр ачылышына карата даярдык иштердин дыкаттык менен аткарылышын жана суунун көлөмү көбөйсө мерчемделген мөөнөттөн кечиктирилбей ГЭС ишке берилиши керектигин эскертти.

Эске салсак, Бала-Саруу ГЭСинин курулушу менен Кыргызстан 25 МВт кубаттуулуктагы үч гидроагрегаттуу, жылына орточо эсеп менен 92 млн кВт/саат электр энергиясын чыгарган станцияга ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий