• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы "KG Групп" курулуш компаниясынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бишкек мэриясы "KG Групп" курулуш компаниясынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев үлүшчүлөр менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымына караганда, мэрия курулушу аяктап, бирок расмий түрдө пайдаланууга бериле элек объекттерди ишке киргизүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө даяр.

Кеп төмөнкү объекттер жөнүндө болууда:

— Тынчтык проспектиси жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Тынчтык" турак жай комплекси;
— Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Сейтек" комплекси;
— Жал кичирайонундагы Садырбаев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Жусуп Баласагын" турак жай комплекси;
— Токтоналиев, 86 дарегиндеги "Семетей" комплекси;
— Токомбаев, 33 дарегиндеги "Алымбек Датка" комплекси.

Эске сала кетсек, буга чейин аталган курулуш компаниясынан жабыр тарткан жарандар өлкө президентине жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасына кайрылып, алардын көйгөйүн чечүүдө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 27-октябрында УКМК "KG Групп" курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов кармалганын билдирген.

Ага эки көп кабаттуу үйдү мыйзамсыз куруп, сатты деген айып тагылган. Натыйжасында мамлекетке 52 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

8-декабрда Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Маалыматка ылайык, ал он батир жана 52,4 млн сомдук коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып берген.

Андан соң, социалдык тармактарда Имамидин Ташовдун УКМКнын кызматкерлери аны уурдап, белгисиз жайда кармашканын жана 100 млн сом талап кылышканын айткан видеокайрылуусу тараган.

Атайын кызмат Имамидин Ташовду аны атайын кызматтын кызматкерлери уурдап кетти делип, 100 млн сом төлөөгө аргасыз болду деген билдирүүсүн четке какты.

УКМКдан белгилешкендей, И.Ташов СИЗОдо отурганда уюлдук байланыш аркылуу издөөдө жүргөн Тилекмат Кудайберген уулу (мурдагы Тилекмат Күрөңов) жана башка деструктивдүү маанайдагы адамдар менен биргеликте зомбулук көрсөтүүнү, массалык митингдерди өткөрүүнү, социалдык маселелерди козгоп (ККМ) бийликти басып алууну пландашкан.

Натыйжада УКМК тарабынан И.Ташовго, Т. Кудайберген уулуна жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнүн 245-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, УКМКдан белгилешкендей, Бишкек шаарынын аймагында "KG Групп" тарабынан 6 көп батирлүү турак-жайлар курулуп, бирок уруксаты жок өз алдынча курулгандыктан бул объекттердин бири да пайдаланууга берилген эмес.

Пикир

Оставить комментарий