• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бийлик өкүлдөрү “KG Групп” курулуш компаниясынын үлүшчүлөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек. 16.01.24. /Кабар/. Бишкекте “KG Групп” курулуш компаниясынын жабыркаган үлүшчүлөрү менен жолугушуу өтүүдө.

Иш-чарага президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев катышууда.

Каныбек Туманбаевдин айтымында, жолугушуу мамлекет башчысынын тапшырмасы менен жабыркаган үлүшчүлөрдүн көйгөйүн чечүү максатында уюштурулган.

Белгилей кетсек, буга чейин «KG Групп» курулуш компаниясынын объектилеринин жабыр тарткан үлүшчүлөрү өлкө президентине, УКМК башчысына маселени чечүүдө аларга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 27-октябрында УКМК "KG Групп" курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов кармалганын билдирген.

Ага эки көп кабаттуу үйдү мыйзамсыз куруп, сатты деген айып тагылган. Натыйжасында мамлекетке 52 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

8-декабрда Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Маалыматка ылайык, ал он батир жана 52,4 млн сомдук коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып берген.

Андан соң, социалдык тармактарда Имамидин Ташовдун УКМКнын кызматкерлери аны уурдап, белгисиз жайда кармашканын жана 100 млн сом талап кылышканын айткан видеокайрылуусу тараган.

Атайын кызмат Имамидин Ташовду аны атайын кызматтын кызматкерлери уурдап кетти делип, 100 млн сом төлөөгө аргасыз болду деген билдирүүсүн четке какты.

УКМКдан белгилешкендей, И.Ташов СИЗОдо отурганда уюлдук байланыш аркылуу издөөдө жүргөн Тилекмат Кудайберген уулу (мурдагы Тилекмат Күрөңов) жана башка деструктивдүү маанайдагы адамдар менен биргеликте зомбулук көрсөтүүнү, массалык митингдерди өткөрүүнү, социалдык маселелерди козгоп (ККМ) бийликти басып алууну пландашкан.

Натыйжада УКМК тарабынан И.Ташовго, Т. Кудайберген уулуна жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнүн 245-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

УКМКдан кошумчалашкандай, Бишкек шаарынын аймагында "KG Групп" тарабынан 6 көп батирлүү турак жайлар курулуп, бирок уруксаты жок өз алдынча курулгандыктан бул объекттердин бири да пайдаланууга берилген эмес.

Пикир

Оставить комментарий