• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бишкекте волейбол боюнча эркектер арасында ХVI Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Биринчилик Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 15-19-январь күндөрү өтөт.

Анын биринчи этабына жогорку лиганын 17 командасы катышууда. Ал эми мелдештин экинчи этабы 5-11-февраль күндөрү өтөт. Ага улуттук лиганын кыз-келиндер жана эркектер курама командалары катышат.

Чемпионаттын биринчи этабына катышып жаткан командалардын тизмеси:

  • “Кара-Кулжа”;
  • “Улар”;
  • “Жаму”;
  • “Ат-Башы”;
  • “Манас”;
  • “Сары-Өзөн”;
  • “Араван”;
  • “Алайкуу”;
  • “Ош”;
  • “Нарын”;
  • “Ала-Бука”;
  • “Кабылан”;
  • “И.Арабаев атындагы КМУ”;
  • “Кадамжай”;
  • "Кетмен Төбө”,"
  • “Азия”;
  • “Ноокат” курама командалары.

Пикир

Оставить комментарий