• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМКда компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борбору ачылды

Коом 0

Бишкек. 16.01.24. /Кабар/. Бүгүн КР УКМК жетекчилиги жана Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондженин катышуусунда УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун базасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборунун (SOC) ачылыш аземи өттү.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, SOCтун ачылышы Кыргызстандын киберкоопсуздугун камсыздоодогу стратегиялык кадам болду. Борбор санариптик мейкиндикке күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтарууну камсыз кылган алдыңкы технологиялар менен жабдылды.

SOCтун негизги өзгөчөлүгү анын туташкан уюмдардын маалымат инфраструктурасын үзгүлтүксүз коргоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү болуп саналат.

Бул ыкма реалдуу убакыт шартында заманбап киберкоркунучтардан натыйжалуу коргоо куралын камсыз кылат.

Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргелешкен долбоордун алкагында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы ийгиликтүү кызматташуунун аркасында SOC ийгиликтүү ишке ашты.

SOCтун ачылышы КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өлкөнү заманбап киберкоркунучтардан коргоону камсыздоо боюнча маселелерди ишке ашырууга умтулуусун баса белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий