• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте дебитордук карызы бар 6,8 миң абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Эртең, 26-сентябрдан тартып Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 6 миң 800 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт.

Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Белгиленгендей, ишкананын “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учурунда биле алышат.

“Мындан сырткары, абоненттер өз эсебин 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу-борборуна чалып, же болбосо 0556 001209 номурундагы WhatsApp тиркемесине жазып биле алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий