• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ак шумкарларды" тосуп алалы: Кыргызстандын футбол боюнча курамасы үйүнө кайтат

Спорт 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогу өтүп жаткан Бириккен Араб Эмираттарынан качан келери белгилүү болду.

Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиргендей, "ак шумкарлар" мекенине 24-январь күнү кайтып келишет.

Федерация улуттук кураманы тосуп алууну каалагандарды аэропортко жеткирет. Ал үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо таңкы сааты 4тө чогулуш керек.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Азия Кубогунда 1/8 финалга чыгып, БАЭ менен оюн өткөрдү. Өз үйүндө оюн көрсөткөн БАЭ биздин кураманы 3:2 эсебинде жеңди.

Социалдык тармактардын колдонуучулары биздин улуттук курамага кооз жана көзгө толумдуу оюну үчүн ыраазычылык айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий