• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 25.03.24./Кабар/. Бишкекте 24-мартта кыз-келиндер арасында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жаткан мелдеште Кыргызстан, Иран, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Филиппин өлкөлөрүнүн командалары күч сынашууда.

Кубоктун ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун Олимпиадалык түрлөрү жана спорттун массалык иш-чараларын өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын директору Урмат Асанбаев жана хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий