• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Крокус Сити Холлдо" иштеген кыргызстандык Шерзодбек Тургунбаев тирүү - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 24.03.24. /Кабар/. Акыркы маалыматтарга караганда, "Крокус Сити Холлдогу" теракттан каза болду делген Кыргызстандын жараны Шерзодбек Тургунбаев тирүү, анын жүргөн жери такталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин маалымат каражаттарында "Крокус Сити Холл" оюн-зоок борборундагы теракт учурунда Кыргызстандын жараны Шерзодбек Тургунбаев каза болгону тууралуу маалымат чыккан.

"22-мартта аталган имаратта иштеген КР жарандарынан алынган маалыматка ылайык, Ш.Тургунбаев аттуу жаран буга чейин кырсык болгон жерде иштеген эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, жаран тирүү экендиги аныкталды. Элчилик кыргыз жаранынын жүргөн жерлерин тактоодо", - деп айтылат маалыматта.

Мндан тышкары, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан Москвадагы трагедия болгон күнү "Крокус Сити Холл" имаратында эмгектенген КРнын эки жаранын издөө иштери улантылууда.

"Элчиликтин кызматкерлери медициналык мекемелерге жана моргдорго барууларды, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүлөрдү жүзөгө ашырууда, ошондой эле изделип жаткан жарандардын туугандары менен туруктуу байланышта болууда", - деп билдирди МИДден.

Эскерте кетсек, 22-март күнү кечинде "Пикник" тобунун концертинин алдында бир нече адам куралдан ок чыгарган. Кийинчерээк имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Акыркы маалыматтар боюнча, 130дан ашуун адам каза болду, жабыркагандардын саны дагы деле көбөйүшү мүмкүн. РФ Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 140тан ашуун адам жаракат алган.

Окуяга байланыштуу бүгүн, 24-март - Россияда бир кундүк улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий