• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ эл көп барган коомдук жайларды коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 24.03.24. /Кабар/. Бишкекте ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жарандардын массалык эс алуу жайларында курал колдонуу менен жасалган кылмыштарды, зордук-зомбулук иштерин алдын алууга багытталган жолугушуу өткөрдү.

Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, жолугушууга борбордогу соода борборлорунун ээлери, администраторлору жана жеке кайтаруу ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нурбек Абдиев учурдун маанилүү маселелеринин бири терроризмге натыйжалуу каршы туруу экенин билдирди.

Ал терроризм ыкмаларын өзгөртүп, барган сайын татаалдашып жатканын айтып, жакынкы чет өлкөдө болуп өткөн окуяларды, Москва аймагындагы Крокус сити-холл концерт залындагы террордук чабуулду жана анын каргашалуу кесепеттерин эске салды.

Соода борборлорунда, мекемелерде жана уюмдарда курал колдонуу менен жасалган кылмыштарды жана зордук-зомбулук иштерин жасоо мүмкүнчүлүгүнө жол бербөө максатында Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары соода борборлорунунун ээлерин жана администраторлорун бир катар чараларды көрүүгө чакырган: объектилердин аймагына кирүү жана чыгуу режимин күчөтүү, видеобайкоо тутумдарын, аудио, видео жазууларды орнотуу, жайларды жана тегерек четтерди күнүмдүк кароо, шектүү буюмдарды өз убагында аныктоо, кооптуу заттардын топтолгон жерлерин текшерүү, коопсуздук кызматкерлерин кылдат тандоо, кампаларда тез-тезден комиссиялык текшерүүнү уюштуруу жана өткөрүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө жагдайларда иш-аракеттер боюнча тескемелерди жана практикалык көнүгүүлөрдү өткөрүү, жайларды ижарага алуу жөнүндө келишимдерди түзүүдө зарыл болсо, администрацияга ижарага алынган жайларды текшерүү укугун берген пункттарды киргизүү милдеттүү.

Жолугушуунун аягында Ички иштер министринин орун басары кызыктырган бардык суроолорго жооп берип, сак болууга жана жарандардын коопсуздугун биргелешип камсыз кылууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий