• 88.68
  • 95
  • 0.95

Конституциялык сот Конституция күнүнө карата студенттер арасында сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Конституциялык сот жаштарды укуктук жактан агартуу жана алардын аң-сезиминде Конституциянын мамлекеттин Баш мыйзамы катары маанисин бекемдөө максатында USAID “Укук булагы” долбоорунун колдоосу менен «Адилеттүү коомду курууда Конституциянын мааниси» темасында студенттер арасында сынак жарыялайт.

Сынак КР Конституция күнүнө арналып, мамлекеттин Баш мыйзамынын адилеттүү коомду курууда маанисин ачуучу эң жакшы эссе жана видеороликтерди аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт.

Конкурска республиканын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери катыша алат.

Конкурстук материалдар 2022-жылдын 26-апрели саат 18.00 чейин кабыл алынат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр дипломдор жана төмөнкү баалуу белектер менен сыйланышат:

I орун – ноутбук;

II орун – планшет;

III орун – смартфон.

Сынак жөнүндө толук маалыматты Конституциялык соттун www.constsot.kg расмий сайтынан алсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий