• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бир айдын ичинде 120 кичи автобус линиядан чыгарылып, ордуна автобустар каттайт

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарында бир айдын ичинде 120 кичи автобус линиядан чыгарылып, алардын ордуна автобус каттамдары ишке киргизилет. Бул трууралуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 16-февралдан 19-февралга чейин айрым жеке жана муниципалдык ташуучу компаниялардын жетекчилери жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз тейлөө боюнча Транспорт департаментинин алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышын көзөмөлгө алышкан эмес.

Айдоочулар график боюнча жумушка чыгышы керек болгон, бирок алар шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайсыздыктарды жаратып өздөрүнүн жеке себептери менен каттамга чыккан эмес.

Келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы, ошондой эле жумушту үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн ташуучу компаниялардын диспетчерлеринин катышуусунда протоколдор түзүлүп, линияны ижарага алуу келишимин бир тараптуу бузуу жөнүндө билдирүүлөр төмөнкү ишканаларга жөнөтүлгөн:

- «Акжолтой» ААК;
- «Ника Плюс» ЖЧК;
- «Спейсталс» ЖЧКсы;
- "ЖТБ" МИ.

Ошентип, жогорудагы мыйзам бузуунун негизинде Бишкек шаарында бир айдын ичинде 7 каттам (120 кичи автобус) линиядан чыгарылып, алардын ордуна автобус каттамдары ишке киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий