• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өткөн рейддин жүрүшүндө жардамга муктаж 35 адам аныкталды

Коом 0


Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Сууктун түшүшү менен Бишкек шаарында "Көчө" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ишки иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты ар кандай жардамга муктаж, селсаяктык менен алектенген адамдарга жана жашаган жери жок жарандарга суукта тоңуп калуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, жашаган жери жок адамдарды аныктоо боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын милициянын Кайгуул кызматы жана милициянын кайгуул күзөт кызматынын өздүк курамы жүргүзгөн.

Жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө милиция кызматкерлери жашаган жери жок адамдардын топтошуу мүмкүндүгү бар жерлерди, жылуулук трассаларынын курулуштарын, люктарды, көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринин астындагы орундарды жана башка көптөгөн жерлерди текшеришти. Жыйынтыгында милиционерлер 35тен ашуун жаранды аныктап, андан соң Бишкек шаарынын социалдык баш калкалоочу жайларына жеткирилген.

Ошондой эле алардын ичинен 2 адам КР Укук бузуулар кодексинин "Майда бейбаштык" беренесине ылайык, соттун чечими менен Бишкек шаарынын ШИИБнын атайын кабыл алуучу жайына киргизилген.

"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, эгерде сиз Бишкектин көчөлөрүндө тоңуп калган, же жардамга муктаж жарандарды көрсөңүз тез арада "102" кыска номери боюнча кабарлаңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий