• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Жумгал элине 17 орундуу микроавтобус белек кылды

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Mersedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү 17 орундуу микроавтобусту Жумгал райондук администрациясынын билим берүү бөлүмүнө белекке берди. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Кыргызкөмүр” МИсынын жетекчиси Канатбек Ашырбаев микроавтобусту Нарын облусунун Жумгал райондук администрация башчысы Адыл Сапаровго тапшырган.

Аким микроавтобус райондук администрациянын билим берүү тармагына берилген чоң жардам экенин айтып, карантин маалында окуучулар онлайн түрүндө билим алып үйдө болуп калганын, мындан ары олимпиадаларга, спорттук иш-чараларга, мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна, Ысык-Көлгө эс алуу үчүн алып барууга шарт түзүлгөнүн кубануу менен билдирген.

Ишканадан кабарлашкандай, микроавтобус “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин айлык маянасынын эсебинен сатып алынды.

Пикир

Оставить комментарий