• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги төрөт үйүндө болгон чыр: Келин эмне үчүн төрөткананын эшигинин алдында көз жарды?

Коом 0


Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги №2 төрөткананын эшигинин алдында келин көз жарган. Окуянын күбөлөрү аны видеого түшүрүп, социалдык түйүндөргө жарыялап, Саламаттык сактоо министрлигинин жана дарыгерлердин дарегине болгон нааразычылыктарын билдиришкен.

Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Азамат Алымбаев “Кабар” агенттигине берген маалыматында, эне-баланын саламаттыгы жакшы, учурда алар имараттын ичинде.

Ал айткандары чын экендигин ырастоо ирээтинде жаңы төрөгөн келин менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк түзүп берди. Келиндин айтуусунда, ал №2 төрөтканага толгоосу башталып калган кезде келген.

“Төрөт үйүндө ремонт жүрүп, жабык экендигин билген эмесбиз. Бизди №1 төрөтканага жөнөтүштү. Жолдошум такси чакыргыча, суу кетти. Дарыгерлер сыртка чыгып, жардам беришти”, - деди ал.

Ал өзүн жакшы сезип жаткандыгын жана ымыркайдын саламаттыгына эч кандай коркунуч жок экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий