• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлиги 2024-жылы канча майрам күнү болорун айтты

Коом 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен 2024-жылга өндүрүштүк календарь жана жумуш убактысынын ченеми бекитилди.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2024-жылы эки күндүк дем алыш күндөр менен беш күндүк иш жумасынын иш күндөрү 250 күндү түзөт.

Анын ичинде 8 майрам алдындагы күндөр, 104 дем алыш күн, жумуш эмес майрам күнү дем алыш күнгө туш келгениен байланыштуу 4 кошумча эс алуу күндөрү - 8-январь, 8-апрель, 6-май жана 2-сентябрь.

Ай календары боюнча аныкталуучу Орозо айт жана Курман айт майрамдарын эске албаганда, 12 майрам күн.

Пикир

Оставить комментарий