• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери ИИО тарабынан 33,5 миңден ашуун кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын 9 ай аралыгында жалпы укук коргоо органдары тарабынан 35 миң 450 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат республиканын ички иштер органдарынын тогуз айда аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешмеде айтылды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 33 миң 536 кылмыш иштери Ички иштер органдары тарабынан козголуп, жалпы республика боюнча козголгон кылмыштардын 94,6 пайызын түздү.

Ошондой эле Ички иштер органдары тарабынан өндүрүштө турган жалпы кылмыштардын ичинен бети ачылганы 54,9 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий