• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Султанбаев: Чек арадагы үйлөрдү калыбына келтирүү иштери башталды

Коом 0


Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасынын чегиндеги айылдарда жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

Ал тапшырмага ылайык, үйлөр жаңы жылга чейин курулуп бүтүшү керектигин кошумчалады.

Эске салсак, Тажикстан Республикасы тарабынан пландалган куралдуу кол салуунун натыйжасында Кыргызстандын 62 жараны курман болуп, 198 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан жана 140 миңден ашуун жергиликтүү тургун эвакуацияланган.

Комиссия 613 турак жай талкаланганын аныктады.

Пикир

Оставить комментарий