• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кайсы өлкөлөр туристтер үчүн COVID-19 боюнча чектөөлөрдү алып салууда?

COVID - 19 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Республикалык штаб туристтер үчүн COVID-19 боюнча чектөөлөрдү алган жана алууна пландаган өлкөлөрдүн тизмесин берди.

Белгиленгендей, Кытай бийлиги өлкөгө кирүүдөгү "ковиддик" чектөөлөрүн акырындык менен алып салууну көздөөдө. Өлкө чет элдиктер үчүн чек арага жакын шаарларга барууну жеңилдетүүнү пландап жатат. Ченду (калкы21 млн) мегаполиси локдаундан кийин ачылды. Мындан тышкары, КЭР бийлиги кайрадан студенттик визаларды бере баштады жана өлкөгө түз аба каттамдарын жандандырууда. Милдеттүү карантин мөөнөтү жакында 14 күндөн 10 күнгө кыскарган.

Сентябрдан бери Япония туристтер үчүн көптөгөн ковид чектөөлөрүн алып салды. Буга чейин туристтер милдеттүү экскурсиялык программаларга кошулушу керек болчу. Сентябрдан бери Япония өкмөтү туристтерге өлкөгө турга катышпай кирүүгө уруксат берген, бирок алардын сапары туристтик агенттиктер аркылуу уюштурулушу керек. Эске салсак, ошол эле учурда өз алдынча туристтер Японияга келе алышпайт.

Ал эми COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн жарандардын Канадага кирүүсүнө тыюу 30-сентябрдан тарта алынып салынат. Ушул эле күнү келгендердин тандалма тест тапшыруулары токтотулат. Азырынча өлкөдө бекитилген вакциналардын бири менен эмделген саякатчыларга Канадага кирүүгө уруксат берилет.

Ал арада, октябрь айында Испания бардык өлкөлөрдөн келген туристтер үчүн санитардык көзөмөлдү алып салууну пландаштырууда. Европа Биримдигине жана Шенген аймагына кирбеген өлкөлөрдөн келген туристтер Испанияга келгенден кийин коронавируска карата медициналык көзөмөлгө алынбайт.

Таиланд 1-октябрдан тарта туристтер үчүн бардык чектөөлөрдү алып салат. Туристтерден мындан ары эмдөө сертификаттарын жана COVID-19 тесттерин көрсөтүү талап кылынбайт.

Пикир

Оставить комментарий