• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл ажылык сапарга баруу акысы 3 миң 750 долларды түздү

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. 2024-жылдагы ажылык сапарга баруу акысы бир адамга 3 миң 750 долларды түздү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, акчаны эртең, 27-февралдан тарта 4-мартка чейин (4-мартты кошо эсептегенде) төлөө зарыл.

Буга чейин зыяратчылар РСК банкка 2 миң доллар төлөсө, эми калган 1 миң 750 долларды төлөөсү керек.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга 6 миң 60 квота бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий