• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Түндүк электр": 2018-жылы авариялык учурлар 23%га кыскарды

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. 2018-жылы "Түндүк электр" ААКда кыш мезгилине даярдык маалында электр жабдыктарына 112,4 миллион сомго оңдоо иштери жүрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, энергетиктер 1242 трансформатордук, 40 жогорку чыңалуудагы көмөкчордондо, 2177 чакырым аба чубалгыларында ремонт иштерин жүргүзгөн.

"Ошондой эле 160 трансформатордо ашыкча жүктү азайтуу иштери жүрдү, 57,2 чакырым 0,4/6-10 кВ чубалгы чоң кесилиш аянттагы чубалгыга алмаштырылды, 158 жаңы фидерлер монтаждалды", - деп айтылат маалыматта.

Оңдоо иштеринин убагында "Түндүк электрдин" өндүрүш кызматы 1718 чакырым жол жээгиндеги аба чубалгыларын бак-дарактардын бутактарынан тазалап ж.б. авариялык өчүрүүлөргө алып келген учурлардын алдын алышты.

2018-жылда өзгөчө капиталдык салымдардын жыйынтыгында 2017-жылга салыштырмалуу авариялык учурлар 23 пайызга кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий