• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облусунда 450 орундуу мектептин курулушу аяктады

Коом 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Талас облусунун Талас районуна караштуу Арал айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы К.Нанаев атындагы 450 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, билим уясынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Анын жалпы аянты 3396,52 м2ты түзүп, 2 кабаттуу имараттан турат.

Белгиленгендей, долбоордук кубаттуулугу 450 орунга ылайыкталды. Негизги класстык кабинеттерден сырткары тил кабинеттери, өнөр каналары, химия жана биология класстары бар. Окуучулар үчүн курулган спорт залдын аянты 308,830м2 ты чапчыйт.

Бүгүнкү күндө имараттагы бардык курулуш-мантаждоо иштери план боюнча аяктады.

Пикир

Оставить комментарий