• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат

Коом 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Ноябрдын башында кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алат.

Бул жылы 7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү шейшемби жана шаршемби күндөргө туш келет. Мындан мурда министрлер кабинети 6-ноябрь - иш күнүн (дүйшөмбү) 11-ноябрга жылдырууну бекиткен.

Ошентип, кыргызстандыктар 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштешет.

Ошондой эле мектеп окуучуларынын каникулу дагы башталат, ал 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулат, сабактар ​​13-ноябрда башталат.

Пикир

Оставить комментарий