• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Германияда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-сентябрында Германиянын Бранденбург федералдык округунун борбору Потсдам шаарында жайгашкан боз үй айылында Берлин шаарындагы Кыргыз-герман маданий коому тарабынан Кыргызстандын Германиядагы элчилиги менен биргеликте КР эгемендүүлүнүн 30 жылдыгына арналган күзгү майрам болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

"Страна кочевников (Nomadenland, https://www.nomadenland.de/)" деп аталган боз үй айылы Потсдам шаарынын борбордук паркында жайгашкан. Анын жетекчиси Маттиас Михель 11 жылдан бери шаардын тургундарын жана конокторун кыргыз элинин маданияты жана каада-салттары менен тааныштырып келе жатат. Боз үй айылынын конокторуна ошону менен бирге боз үйдө түнөп кетүү, балдар үчун жомоктор жана ар кандай оюндар сунуш кылынат.

КРнын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев боз үй айылынын жетекчиси Маттиас Михельге ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-герман кызматташтыгына кошкон салымы үчун элчиликтин Алкыш баракчасын ыйгарды.

Майрамга Потсдам шаарынын жана ага жакын жайгашкан шаарлардын тургундары жана коноктору, ошондой эле Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкʏлдөрʏ катышты. Коноктор боз ʏйдʏн ички жасалгалары менен таанышты жана кыргыз улуттук тамактарынан ооз тийишти. Келген конокторго Кыргызстан тууралуу туристтик буклеттер тартууланды. Майрам жылуу жана достук маанайда өттʏ.

Мындай иш-чаралар Германияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана Кыргызстанга туристтерди тартууга салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий