• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы дан эгиндерин жыйноонун азайышына алып келди

Экономика 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 380 миң гектар аянттан жыйналды, бул 1,8% га көп, 536 миң тонна дан бастырылды, же 46,8 пайызга аз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Мында, жалпысынан республика боюнча дан эгиндери үстүбүздөгү жылы чабыла турган аянтынынан 66% жакын аянты жыйналып алынды, анын ичинде Нарын облусунун чарбаларында - 2,3%, Ысык- Көл - 34% жана Талас облусунун чарбаларында - 59% аянты жыйналып алынды.

23 -августка карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналышы

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата

2020

2021

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак

өсүмдүктөрсүз, күрүчсүз жана гречкасыз), миң га

372,9

379,6

6,7

101,8

Бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган

салмакта) миң т

1 007,8

536,2

- 471,6

53,2

1 гектардан бастырылды, ц

27

14,1

- 12,9

52,2

Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

504,0

274,8

- 229,2

54,5

Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

423,1

189,7

- 233,4

44,8

Жыйналган тамеки (физикалык салмакта) миң т

0,58

0,64

0,06

110,6

Казылган картошка аянты, миң га

19,7

18,1

- 1,6

91,8

Жыйналган картошка, миң т

316,9

285,1

- 31,8

89,9

Жыйналган жашылча өсүмдүктөрү, миң т

602,6

587,9

- 14,7

97,6

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү миң т

207,7

193,8

-13,8

93,3

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, миң т

101,2

94,7

- 6,6

93,5

Үстүбүздөгү жылдын жайында аномалдуу жогорку температура жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен дан эгиндеринин түшүмүнүн төмөндөшүнө алып келди. Мында, жалпысынан республика боюнча буудайдын дүң жыйымы - 45,5%, арпанын - 55,2%, картошканын - 10,1%, бакча өсүмдүктөрүнүн - 6,7%, мөмө -жемиштердин - 6,5% жана жашылчанын дүң жыйымы - 2,4% кыскарды.

Пикир

Оставить комментарий