• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААКтын 2017-жылдагы кирешеси 3,8 миллион сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. КРнын Эсептөө палатасы “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун 2017-жылдагы ишмердүүлүгүнүн пландык аудитин жүргүздү.

Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, аудиттин материалдарында кирешелерди камсыздоо боюнча бекитилген пландар жалпысынан 31,1 миллион сомго аткарылганы же 2017-жылдын кирешелери боюнча пландык көрсөткүчтөр 0,8 миллион сомго ашыгы менен аткарылганы белгиленет.

Кирешелердин негизги бөлүгү – бул 2017-жылы 27,5 миллион сомду түзгөн пайыздык кирешелердин келип түшүүсү.

Фонддун 2017-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча таза киреше 3,8 миллион сомду түзгөн. Ал ачык акционердик коомдун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун протоколунун негизинде төмөнкүдөй бөлүндү: дивиденддерге 25%, калган бөлүгү финансылык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу жана өтүмдүүлүктү жогорулатуу максатында фонддун капиталын толуктоого жумшалды.

“ААКтын аудитинин жыйынтыктары боюнча иштеги кемчиликтерди аныктоону жоюу, компаниянын бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу жана келип түшкөн каражаттарды натыйжалуу колдонуу боюнча жумушту күчөтүү сунушталды”, - деп айтылат маалыматта.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар Жогорку Кеңешке, КРнын президентинин аппаратына, КРнын өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна, ишкердикти өнүктүрүү фондуна өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий