• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда орточо айлыктын көлөмү 17 миң 956 сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. 2020-жылдын январь-ноябрь айларында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 17 миң 956 сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.

Анын айтымында, айлык акынын орточо көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 8,3%га өстү.

“Илимий-техникалык, билим берүү, тоо-кен, маалымат жана коммуникация чөйрөсүндө эмгектенгендердин эмгек акысы жогорулаганы байкалууда", - деди Султанов.

Пикир

Оставить комментарий