• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мектеп, ЖОЖ жана бала-бакчалардагы санитардык коопсуздукту камсыздоо тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү мектептердин, жогорку окуу жайлардын жана балдар бакчасынын кадимки режимдеги иши баскычтуу жандандырылууда. Андыктан тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Штаб кеңешмесинин жүрүшүндө аймактардагы эпидемиологиялык абал, COVID-19 жаңы штаммынын аймакка кирүүсүнүн алдын алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, жаңы жыл учурунда жана шайлоо процессиндеги карантиндик чаралардын талаптарын жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын камсыздоо чаралары каралды.

Республикалык штабдын мүчөлөрү ошондой эле мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана балдар бакчаларынын кадимки режимдеги ишин баскычтуу жандандыруу маселесин талкуулады.

«Биз окуу процессин уюштурууну жана балдарды өнүктүрүүнү жакшыртуу максатындагы жарандардын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу чечкиндүү кадамга бардык – аймактарда жана шаарларда мектептердин, жогорку окуу жайлардын жана балдар бакчасынын ишин баскычтуу жандандыруу башталууда. Менин пикиримде, мектеп окуучулары жана ЖОЖ студенттери чоң жоопкерчиликти түшүнүп, беткап кийүү, колду тез-тезден жууп туруу жана социалдык обочолонуу сыяктуу бекитилген санитардык эрежелерди аткарышы керек. Мекемелердин администрациясы жана тармактык мамлекеттик органдар аталган талаптардын аткарылышын камсыздоосу тийиш. Мындан тышкары, балдардын имммунитетин чыңдоо, анын ичинде дене тарбия менен машыгуу, спорт жана тамактануу маселесине өзгөчө көңүл буруу керек», - деди вице-премьер-министр жана жооптуу түзүмдөргө тийиштүү тапшырмаларды берди.

Эльвира Сурабалдиева ошондой эле медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

«Айрым медициналык мекемелердин короосунда жарыктандыруу жок, жолдор тайгак, имараттарында суук, ысык суусу каралган эмес, жабдуулар эскирген. Ушундай шарттарда бейтаптар жана балдар дарыланууга туура келүүдө. Мониторинг жүргүзүп, бардык ооруканалардын жана поликлиникалардын тийиштүү шарттары каралгандыгын текшерүүгө алыңыздар. Ар бир медициналык мекемеде элементардык гигиеналык процедураларды жүргүзүү шарттары каралышы тийиш, ооруканага алып баруучу жолдор тазаланып турушу кажет. Мындан тышкары, дарылоо мекемелерин электр энергиялык генераторлор менен камсыздап, алардын өрт коопсуздугунун талаптарына кандай деңгээлде жооп берүүсү текшерилиши керек»,- деди вице-премьер-министр.

Кеңешменин жүрүшүндө пандемия учурунда калктын аяр катмарын колдоого алуу маселеси талкууланды.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева калктын аяр катмарына жөлөкпул чегерүү жана башка социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жарандардан келип түшкөн кайрылууларына байланыштуу жергиликтүү бийлик огандарынын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин күчтөндүрүү тапшырмасын берди.

«Жарандардан жер-жерлердеги социалдык көмөк алуунун кыйынчылыктары, анын ичинде жашаган жери боюнча каттоосунун жоктугу боюнча кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы тууралуу нааразычылыктар келип түшүүдө. Калктын аяр катмарына тейлөө көрсөтүүнүн тийиштүү деңгээлин камсыздоо зарыл. Бир дагы кайрылуу социалдык кызматтардын көңүлүлүнөн тыш калбашы зарыл. Мен аярлуу категориядагы жарандарга өзгөчө көңүл бурулушун жана алардын маселесин чеүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүлүшүн өтүнөм», - деди ал.

Штаб кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий