• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жылдыз Бакашова Ирактан кайтарылган балдардын абалынан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирак Республикасынан мекенге кайтарылган балдардын абалынан кабар алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда балдар социалдык мекемеге жайгаштырылып, медициналык кызматерлердин, психологдордун, педагогдордун тийиштүү тейлөөсүн алууда.

Тармактык мамлекеттик органдар балдардын документин калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары балдардын жашоо шарты, тамактануусу, ошондой эле аларды келечекте коомго аралаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар менен таанышты.

Жылдыз Бакашова балдар үчүн маданий мүнөздөгү жана жалпы билим берүү иш-чараларынын өткөрүлүшү маанилүү экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий