• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-түрк форумуна 300дөн ашуун компания катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында кыргыз-түрк бизнес форуму болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Ишкерлердин жолугушуусуна Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай катышты.

Форумдун жүрүшүндө болжол менен 250 ата мекендик жана 90 ашуун түрк компания өкүлдөрү энергетика, айыл чарба тармагындагы, тоо-кен өнөр жайына инвестицияларды тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө негизделген долбоорлорго тийиштүү маселелерди талкуулады.

Министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө бир тууган Түркия Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоого даяр экендигин билдирди жана инвесторлорду өлкөгө чакырып кетти.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын вице-президенти маалымдагандай, түрк тарап да эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даяр жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жана көйгөйлүү маселелерди чечүүдө аталган форумдун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий