• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: 2018-жылы жолдорду оңдоп-түзөөгө жана курууга бөлүнүүчү акча каражаттардын көлөмүн көбөйтүү пландалууда

Өкмөт 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. 2018-жылы жолдорду оңдоп-түзөөгө жана курууга бөлүнүүчү акча каражаттардын көлөмүн көбөйтүү пландалууда, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Бишкек шаарындагы А.Токомбаев көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, шаар мэри Албек Ибраимов көпүрөнү эксплуатацияга 2017-жылдын 20-августунда тапшырууга пландалып жатканын белгиледи. Муну менен бирге 2017-жылы борбор калаада 49 көчө кайрадан жасалып чыгат, аны оңдоп-түзөөгө 600 млн сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын жана жалпысынан республиканын тез өнүгүүсү үчүн транспорттук инфраструктураны жакшыртуунун маанисин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк алгандан берки 24 жыл ичинде Бишкек шаарында 100 чакырымга жакын жолдор оңдолуп-түзөлгөн. Муну менен бирге акыркы жыл ичинде борбор калаанын 136 чакырым автожолдору кайра жасалып чыккан. Мунун бардыгы республикадагы саясий туруктуулук, жол тармагындагы коррупция менен күрөшүү жана көзөмөл органдары менен коомчулуктун жасалып жаткан жумуштардын сапатын тыкыр көзөмөлдөгөнүнөн улам мүмкүн болду. А.Токомбаев көчөсүндөгү көпүрөнү колдонууга киргизүү кыймылдын тездешине жана жол тыгындарынын азайышына көмөктөшөт. Өзгөчө көңүлдү жөө жүрүүчүлөрдүн жолдору, жарыктандыруу, декоративдик газондору менен айланасын көрктөндүрүүгө буруу керек», – деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр ошондой эле Бишкек шаарындагы «Муниципалдык наабаткана» муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул жакта ишкананын чыгарган азыктарын кошумча нарк салыгынан бошотуу жана нан азыктарын Бишкек шаарынын социалдык мекемелерине жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү маселеси дагы көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий