• 88.68
  • 95
  • 0.95

Былтыр Кумтөрдөн 17,5 тонна алтын казылды — Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. 2022-жылы Кумтөрдөн 17 тонна 305 килограмм алтын казылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, күн мурун Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында КР Финансы министрлигинин 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету каралды.

Анда депутат Дастан Жумабековдон Кумтөрдөн түшкөн кирешелер жана Кумтөр кенинде 2022-жылга карата алтын өндүрүүнүн көлөмү боюнча суроо берилди.

Финансы министрлиги тактоо иретинде белгилегендей, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна (КРМК 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 484 токтому) ылайык алтын жана Доре эритмесин өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмү 15 862,8 кг, реалдуу 2021-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 108,9%.

Ошол эле учурда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кумтөрдө алтындын иш жүзүндөгү өндүрүшү 17 305 кг, сатылган алтындын көлөмү 17 284 кг түздү.

Кумтөрдөн 2022-жылга салыктык түшүүлөрдүн иш жүзүндөгү көлөмү 27 959,4 млн сомду түзүп, 2021-жылга карата өсүү темпи 267,3%ды түздү. Салык төлөмдөрүнөн тышкары, Кумтөр төмөнкүдөй милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзгөн:

  • социалдык төлөмдөр;
  • айлана-чөйрөнү булгоо үчүн төлөмдөр;
  • суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөм;
  • айлана-чөйрөнү булгоо үчүн төлөмдөр;
  • ошондой эле Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду сыяктуу фонддорго төлөмдөр;
  • "Теңир-Тоо" Нарын облусун өнүктүрүү фонду;
  • Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду;
  • Жаратылышты өнүктүрүү фонду ж.б.

Пикир

Оставить комментарий