• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК комитети Конституциянын 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоорун I окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Күн мурун, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “КР Конституциясын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек тарабынан демилгеленген.

Коргонбай уулу Жусупбек белгилегендей, мыйзам долбоору менен анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон тѳмѳнкү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндѳгү жазык жазадан бошотуу сунушталат: 60 жаштан ашкан эркектерди жана ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдарды; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды; жашы жетелек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды.

Муну менен катар, анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды; жалгыз бой эне болуп саналган аялдарды; көп балалуу аялдарды; ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдарды жана жашы жетелектерди бошотуу сунушталат.

Талкуу маалында Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова министрлер кабинети бул мыйзам долбоору боюнча өз корутундусун бере электигин маалымдады.

Министрлер кабинетинин өкүлү мындай корутунду бериле турганын убадалап, бирок ал оң же терс болорун айта алган жок. Ал эми эл өкүлү Чыңгыз Ажибаев министрлер кабинети мыйзам долбоорлору боюнча 1 айдын ичинде корутундусун бериши керектигин белгилеп, мындай кечеңдөөнүн себептерин тактады.

Пикир

Оставить комментарий