• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Республикалык бюджеттин кассалык чыгымдары 93,5 млрд. сомго чамалады

Экономика 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Республикалык бюджеттин кассалык чыгымдары 93,5 миллиард сомго чамалады. Бул тууралуу КР финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгашасы 93 млрд. 483 млн. 566,4 миң сомду түздү.

Анын ичинен бюджеттик уюмдарда иштегендердин маянасына – 21 млрд. 871 млн. 387,4 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 7 млрд. 196 млн. 386,9 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 32 млн. 150,3 миң сом бөлүндү.

Андан тышкары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга – 5 млрд. 172 млн. 560,4 миң сом, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга – 734 млн. 51,7 миң сом, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө – 711 млн. 485,2 миң сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 18,9 млрд. сом жумшалды.

Калган акча каражаттары чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий