• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орхан Инандынын жоголушу. Бишкек милициясынын башчысы митингге чыккандар менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев тергөө жана ыкчам бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен бирге “Сапат” мектептеринин мугалимдери жана окуучулардын ата-энелеринен турган митингге чыккандардын тобун кабыл алды.

Жолугушууга катышкан жарандар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, Орхан Инандынын жакын арада табылыша ишенимин билдиришти.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча борбор шаардык милиция башчысынын буйругу менен ИИМ, Бишкек ШИИБ, Октябрь РИИБден тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөрдөн турган ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, бөлүнгөн аймактар боюнча Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Орхан Инанды жоголгондон кийин кыргыз-түрк “Сапат” билим берүү мектептеринин окуучулары, бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер, окуучулардын ата-энелери аны табуу талабы менен каршылык акциясына чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий