• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Кадыркулов кыргызстандыктарды азырынча Украинага келбей турууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды азырынча Украинага келбей турууга чакырды.

Анын айтуусуна караганда, азыркы учурда Украинадагы элчилик Батыш Украинада өз кызматын толук кандуу аткарып, ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз аткарып жатат.

"Акыркы аптада Украинадан дагы 7 жараныбызга учак билеттер алынып, Кыргызстанга эвакуацияланышты. Акыркы күндөрү орозо айы бүткөндөн кийин Украинага кайтуу ниетин билдирген көптөгөн жарандар кайрыла башташты. Бул жерде аскердик салгылашуу дагы деле кызуу түрдө жүрүп, шаарларда сирена тынбай, коменданттык сааттар уланууда.

Урматтуу мекендештер!

Азырынча Украинага келбей турууңузду сунуштайм жана өтүнөм! Дал ушундай сунушту азыр жергиликтүү аскер бийлик органдары дагы билдирип жатат.

Украинага келүү эрте, өз өмүрүңүздү тобокелге салбаңыздар! Баардыгыңыздарга аманчылык каалайм", - деген элчи өз билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий