• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

25-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде, өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13…+18, Таласта +13…+18, Ысык-Көл, Нарын облустарында +14…19 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын табы күндүз +20…+25 градус болот.

Бишкекте маал-маалы менен жаан-жаашы мүмкүн, күндүз +15…+17 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий