• 88.68
  • 95
  • 0.95

Зардалы айылына чейин бир тилкелүү жол салынат, долбоор жасалууда — Садыр Жапаров

Президент 0


Бишкек, 13.04.24./Кабар/. Баткен облусунун эң алыскы Зардалы айылына чейин бир тилкелүү жол салынат. Долбоору жасалып башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, эмдиги жылдын бюджетине киргизилип, жаздын алды менен иш башталат.

"Бирок тилекке каршы бир тилкелүү эле жол болот. Эки тилке кылууга мүмкүн эмес, аскалуу жерлери бар экен. Кулап кетүү коркунучу бар.

Жол кыймылындагы коопсуздук үчүн бир тилкелүү жолдун ар кайсыл жерине каршы келе жаткан унааны өткөрүп жиберүү үчүн “чөнтөкчөлөр” жасалат.

Азырынча “Жоктон көрө жогору дегендей” бир тилкелүү жол салып туралы. Зардалыга жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл", – деп жазды мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий