• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бабанов келечектүү жигит болчу, бирок башка жолго түшүп алды – Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 20.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Өмүрбек Бабанов келечектүү жигит болчу, бирок Айдарчик (Айдар – биринчи президент Аскар Акаевдин уулу) менен Максимчиктин (Максим – мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу) бактерияларынан жуктуруп алды окшойт, башка жол менен кетти. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, Бабанов менен Канат Исаевдин үстүнөн кылмыш иши козголду.

“Үгүт ишинин алдында Он-Адырда Бабановдун айткан сөздөрүн өзүңөр көрдүңөр. Аны эч ким мажбурлабагандыгы тууралуу өзү айтты. Ал кыргыздардын алдына калпак кийип чыгып сүйлөп, андан соң Он-Адырга барып ошондой сөздөрдү сүйлөп жатат. Мен ошондой эле Таласта сүйлөгөндөрдү көрдүм. Бабанов туура эмес жолго түшүп алган. Анын келечеги бар болчу. Бирок ал чоң акчага аралашып мына жыйынтыгында эмне болду. Эми сот териштирсин”,-деди Атамбаев.

Анын айтымына караганда, Бабанов коңшу өлкөнүн мамлекет башчысына ыктабай жана казак олигархтарына сатылбай, тынч эле кетсе болмок.

“Менин ага боорум ооруйт. Ал жаш жана келечектүү жигит болчу. Бирок ал Айдарчик жана Максимчик менен жүргөндө бактерияларды жугузуп алган окшойт”,-деп ойлойт ал.

Пикир

Оставить комментарий