• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тумандан улам “Манас” аэропортунда каттамдар кечиктирилип кабыл алынып жана жөнөтүлүп жатат

Коом 0

Бишкек, 20.11.17. /Кабар/. “Манас” Эл аралык аэропортунда 2017-жылдын 20-ноябрында каттамдар туманга байланыштуу бир аз кечиктирилип кабыл алынып жана жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

“Эл аралык жана ички каттамдардын кармалышы аба ырайына байланыштуу. Учуу жана конуу тилкесиндеги тумандан каттамдар кармалып жатат. Ошондуктан бүгүн каттамдар бир аз кармалып же жылдырылышы мүмкүн”,-деп айтылат маалыматта.

Каттамдарга байланышкан суроолор боюнча “Манас” аэропортунун сурап-билүү кызматына чалса болот - +996 (312) 693109.

Пикир

Оставить комментарий