• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Астана менен болгон жагдай жөнгө салынат – Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 20.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Астана менен болгон жагдай жөнгө салынат, деп билдирди бүгүн Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу маалыт жыйында.

Анын айтымына караганда, бул Астананын өзүнүн кызыкчылыгында. “Биринчи кезекте Россиянын өзүнүн да кызыкчылыгында экендигин жашырбайм. Бардыгы жөнгө салынат. Мен бардыгын туура кылдым деп ойлойм. Алдыда парламенттик шайлоо. Келечекте өлкөнүн ички ишине: эмне кылуу жана кимди шайлоо керектигине баары эле кийлигише бербөөсү”,-деп билдирди ал.

Мамлекет башчы эскертип кеткендей, 2010-жылы Кыргызстан парламентинде Казакстандын УКМКнын өкүлү жүрүп, акча таркатып берип жатып, мындай башка кайталанбай тургандыгын билдирген.

Атамбаевдин айтымында, “Геллап” фондунун маалыматы боюнча, Кыргызстан Борбор Азиядагы эң туруктуу жана келечектүү өлкө.

“Биздикине караганда кайсы бир башка өлкөнү козгоо оңой. Кырдаал жөнгө салынат. Анын бизге зыяны тийбейт”,-деп кошумчалады Атамбаев.

Президент экс-президент Роза Отурбаеванын ал Астанага барып, Назарбаев менен жеке сүйлөшүп келүүсү керек эле деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

“2010-жылы тосмо болгондугу менин эсимде. Отунбаеванын кантип макулдашканы эсимде. Мен анда сууну жөн гана эки күндө токтотуп койгондо дароо чек араны ачышкан. Жазга чейин 2,5 ай калды. Мен Владимир Путин менен сүйлөшүп, ага эгерде сизге ЕАЭБ керек болсо, анда, аны кыйратып жаткандарына тынч байкоо салууга болбой тургандыгын айттым. Биз бир миң жыл кыйынчылыктарды жеңип өттүк. 6 жыл аралыгында да эки тосмону баштан кечирдик. Ал аркылуу өзүбүздүн алсыз жерибизди көрөбүз”,-деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, Атамбаев КР президенттик шайлоонун алдында Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев КР президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолугушкандан кийин, Казакстандын КРдин ички иштерине кийлигишип жаткандыгын билдирген.

Андан соң, 10-октябрдан тарта Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайында адамдарды жана жүк ташуучу унааларды текшерүү тартибин күчөткөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, тараптар мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн артыкчылыктуу тартибин талкуулашкан.

Бүгүнкү күндө чек арада толук текшерүүдөн өтүп жаткан жүк ташуучу фуралар боюнча маселе чечиле элек.

2017-жылдын 25-октябрында Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тарткан. Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган унаалардын саны кыйла азайган, бирок Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул сүйлөшүүлөргө байланыштуу эмес.

Пикир

Оставить комментарий