• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок

Президент 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. «Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында.

Мамлекет башчысы абалды курчутпоого чаралар көрүлгөнүн өзгөчө белгиледи.

«Кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонулду. Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да, мекендештерибиздин каны төгүлбөсүн дедик», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазага тартыларын белгиледи.

«Кечээге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Ал өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты, коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чаралар аткарыларын кошумчалады.

«Ыкчам чаралар көрүлөт. Бүгүн өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдүм. 7-августта Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу чечим кабыл алынды. Элди бөлүп-жарууга, туруксуздук кырдаалын жаратууга жол берилбейт. Бул үчүн мамлекеттин күчү, саясий эрк жетиштүү», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий