• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия түзүлдү

Экономика 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана өлкөнүн артыкчылыктуу тармактарында жашыл экономика ыкмаларын киргизүү боюнча негиздерди түзүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын ишин жетектөө жана координациялоо максатында кабыл алынган.

Жашыл экономика боюнча координациялык комиссиянын Төрагасы финансы-экономикалык жана инвестициялар блогун тескеген вице-премьер министр, төраганын орун басары - экономика министри болот.

Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, бизнестин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Жашыл экономика боюнча координациялык комиссиянын жыйыны бир жылда 1 жолудан кем эмес өтүп турат.

Жашыл экономика боюнча координациялык комиссиянын милдеттери:

- жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты өлкө масштабында практикалык ишке ашырууну көзөмөлдөө;

- жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууну баалоо;

- «жол карталарын» бекитүү.

Координациялык комиссиянын кароосуна жашыл экономика боюнча негизги маселелер киргизилет. Алар боюнча мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде мамиле кылуунун жана аракеттердин биримдиги болушу зарыл.

Координациялык комиссиянын ишин уюштуруу жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий