• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Жаш жигиттин өмүрү – бийликтен да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле

Президент 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. «7-августта Кой-Таш айылында, тилекке каршы, бир канча адам жаракат алып, укук коргоо органдарынын бир кызматкери атылган октон каза болду. Кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү — бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында.

Ал маркумдун ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Энеси — Өктөм Мамаева менен кечээ эле мекендештердин форумунда жолуктум эле. Жүрөгүм ооруп турат, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий