• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Кумтөр” компаниясы “Үмүт” жана “Музду-Суу” карьерин ачууну пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. “Кумтөр Голд” компаниясы “Үмүт” зонасы жана “Музду-Суу” тилкеси ачык жол менен казууга ылайыктуу болот деп күтүүдө.

Компаниянын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 12 айында Кумтөр кенинде жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоо иштери “Түштүк-Батыш”, “Борбордук”, “Музду-Суу” жана “Сарытор” тилкелеринде жана ЗИФ калдыктар сактаган жайда кычкылданган жана азыраак деңгээлде сульфиддүү рудалардын запастарын табууга, баалоого жана чалгындоого багытталган.

Жыл ичинде жалпы көлөмү 61 831,8 погондук метрди түзгөн 359 скважина казылган. Жыл башынан бери Алекс Стюарт лабораториясы 46 миң 310 үлгүнү анализдеген. “Түштүк-Батыш” (“Үмүт” жана Терең кычкылданган (Глубокая Окисленная) зоналар) жана “Музду-Суу” участкаларында өнөр жайлык кызыкчылык болушу мүмкүн болгон мурда аныкталган кычкылданган минерализациянын өнүгүшү иш менен тастыкталды.

“Үмүт” зонасы жана “Музду-Суу” тилкеси ачык жол менен казуу үчүн ылайыктуу деп күтүлүүдө. Ал эми Терең кычкылданган (Глубокая Окисленная) зонасы ачык жол менен казуу үчүн өтө терең болууда.

Пикир

Оставить комментарий