• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Улукбек Марипов Падыша Сауд университетинин ректору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Падыша Сауд университетинин ректору доктор Бадран Аль-Омар менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушууда тараптар Падыша Сауд университети менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы билим берүү, академиялык жана илимий-изилдөө тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Элчи Марипов саудиялык тарапка Падыша Сауд университети менен Кыргызстандын кызыкдар болгон жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарды түзүү, ошондой эле бул окуу жайда кыргыз студенттерин окутуу маселесин кароону сунуштады.

Өз кезегинде, доктор Бадран Аль-Омар Кыргызстандын кызыккан студенттери жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү Падыша Сауд университетинин ар кандай магистратура жана докторантура, ошондой эле биргелешкен илимий жана академиялык изилдөө программаларын пайдалана ала тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы аракеттерди талкуулоо үчүн туруктуу байланышты кармап турууга, ошондой эле эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдардын долбоорлоруна кол коюуга даярдык иштерин баштоого макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий