• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин көчөлөрү кардан тазаланууда - мэрия

Коом 0

Бишкек, 07.01.20. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын жолдорун, тротуар, аялдамалардын айланасындагы кар, муздарды тазалоодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең менен жолдорго 295 тонна туз себилген. Кар жана музду тазалоого 37 атайын техника тартылган. Ошондой эле “Тазалыктын” 800дөй жумушчусу иш алып барууда.

“Жолдорго жана тротуарларга туз себүү жана тазалоо тынымсыз жүргүзүлүп турат”, - деп кошумчалашты мэриядан.

Эгер жол тазалоого байланышкан маселелер жаралса, төрт райондун акимдеринин орун басарларына кайрылууга болот:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;

- Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;

- Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.

Пикир

Оставить комментарий