• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дача-Судагы авиа кырсыктан жабыркаган балдар Ысык Көлдө эс алып кайтышты

Коом 0

Бишкек, 21.08.17 /Кабар/. Дача-Судагы авиа кырсыктан жабыркаган жаш балдар 17-20-августка чейин Ысык-Көлдө эс алып кайтышты. Балдар лагери Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому жана ЕККУнун Кыргызстандагы программалык имаратынын демөөрчүлүгү астында уюштурулду.

“Бул балдар тоголок жетим калгандар, жакындарын жоготкондор жана каргашалуу окуяга күбө болгондор. 11-16 жашка чейинки 22 бала Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери жана ыктыярчылары менен биргеликте Ысык-Көлдөгү Ак-Бермет эс алуу жайына барышты. Эс алуунун жүрүшүндө балдарга ар кандай кызыктуу оюн-зооктор уюштурулду”,- деп кабарлашты Кызыл жарым ай коомунун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий