• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда эттин баасын түшүрүү үчүн тирүү малды импорттоо сунушталууда

Экономика 0

Бишкек, 15.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда эттин баасын түшүрүү үчүн тирүү малды импорттоо механизми сунушталууда.

Бүгүн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдиргендей, учурда өлкөдө эл аралык стандартка жооп берген эки эт ишкана бар. Бирөө Кочкордо, экинчиси Бишкектин жанында жайгашкан.

"Азыр дагы эл аралык стандартка жооп бере турган 2 завод курулуп бүткөнү калды. Алар Каракол жана Балыкчыда. Дагы 5 комбинат бар. Бирок аларда ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатканга гана мүмкүнчүлүк бар", - дейт ал.

Токтогазиев маалымдагандай, Дубайга жумасына 2-3 тонна козу жана эчкинин эти (көбүн эсе козунун эти) жиберилүүдө.

"Эттин сатылып жаткан баасы 1 килограммына 7 доллар. Учак менен алып барганда жол киреси 1,5 долларды түзөт. Эгерде малды Беларустан союп эт түрүндө Кыргызстанга алып келсек, салыктарды эске алганда 1 кг 307 сом чыгат экен. Биз өлкөдө мал көп деп жатабыз, анда эмнеге эттин баасы кымбат? Азыр бизде этке болгон суроо-талап жогору болууда. Министрлик механизм сунуштап жатат. Алсак, этти эмес, өлкөгө малды тирүү алып келип, ички рынокту мал менен толтуруу. Эгер мал көп келе турган болсо, алардын баасы бир топ түшүп кетпеши үчүн сыртка экспорттоо механизми иштелип жатат. Министрликте эттин баасын түшүрүп-көтөрүү механизми пайда болот", - дейт ал.

Тилек Токтогазиев эттин баасынын бир топ түшүп кетиши мал менен алектенген жарандарга зыян тийгизиши мүмкүндүгүн белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий